super.kg logo

Бишкекте темир жолду кесип өтүүчү эки жол салынат 

 

Бишкек шаарында унаа тыгындарынын көйгөйүн чечүү максатында Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу Фучик жана Бакаев көчөлөрүн бойлото жолдорду куруу боюнча иштер башталды. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ишти баштоо буйругун калаа башчысы Айбек Жунушалиев "Кыргызтемиржол" ишканасынын жетекчилигинин жана башка мамлекеттик органдардын катышуусунда өткөн көчмө жыйында берди.

"Бүгүнкү күндө темир жол шаарды эки бөлүккө бөлүп турат. Учурдагы эстакадалар шаардын түштүк жана түндүк бөлүктөрүнүн ортосунда жетиштүү транспорттук байланышты камсыздай албайт. Буга байланыштуу Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу Ю. Фучик Лев Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө жана Бакаев көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жолдорду куруу пландаштырылууда", -деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия көчөлөрдүн эки тарабына тең тротуар түшөрүн, келечекте бул жолдорду Түштүк магистралга чейин узартуу пландалып жатканын кошумчалады.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: