super.kg logo

Блогер Батмакан Жолболдуева опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды (видео) 

 

Опузалап акча каражатын талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматта Ж.Б. аттуу блогер Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы айтылат.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы менен блогер ушул жылдын январь айында Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган.

"Материалдык пайда алуу максатында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн "Фейсбук" социалдык баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Андан соң Ж.Б. интернетке жүктөлгөн материалды өчүрүп салуу үчүн Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Ал эми 6-февраль күнү блогер УКМКнын кызматкерлери тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган блогер Баткен шаарынын тургуну Батмакан Жолболдуева экени белгилүү болду. Ал буга чейин журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган. Ага "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча айып тагылып, бирок былтыркы жылдын февраль айында акталган болчу.






Баткендик блогер Батмакан Жолболдуева опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: