super.kg logo

"11 вакансия бар". Тышкы иштер министрлиги бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялады

 

Тышкы иштер министрлиги бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялады.

Дипломатиялык кызматынын төмөнкү бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүлөт:

1. Консулдук департаменттин үчүнчү катчысы;

2. Эл аралык уюмдар департаментинин үчүнчү катчысы;

3. Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы (иштөө пункту Баткен шаары);

4. Экинчи саясий департаменттин атташеси;

5. Төртүнчү саясий департаменттин атташеси (2 бирдик);

6. Консулдук департаменттин атташеси (2 бирдик);

7. Экономикалык дипломатия департаментинин атташеси (2 бирдик);

8. Мамлекеттик протокол департаментинин атташеси;

9. Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси;

10. Административдик бөлүмдүн башкы адиси;

11. Валюта-финансы департаментинин жетектөөчү адиси.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  1. арыз (бош кызмат ордун жана тестирлөө тапшыруу үчүн чет тилин так көрсөтүү менен)

эки нускада;

  1. сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
  2. өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  3. резюме;
  4. 3х4 өлчөмдөгү сүрөт (2 даана);
  5. паспортунун көчүрмөсү (ID);
  6. зарыл болгон кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык түрдө же иштеген жери боюнча кадрлар башкармалыгынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификацияны жогорулатуу, илимий даражаны ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөсү).

Сынакка катышуу үчүн документтер көктөмөгө тиркелип, Тышкы иштер министрлигинин Кадрдык саясат бөлүмүнө конкурсант тарабынан жеке кийинки дарек боюнча берилиши зарыл: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57.

Документтер 9-февралдан тартып 22-февралды камтуу менен иш күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат (түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин).

Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87, 62 66 57 телефондору аркылуу, ТИМдин www.mfa.gov.kg жана Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg расмий сайттарынан тактоого болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: