super.kg logo

Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин 3 дарыгер кармалды

 

18 жаштагы кыздын өлүмү боюнча Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 3 дарыгери кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 9-февралда Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр июлда райондук милицияга Теплоключенка айылынын тургуну кайрылган. Ал 25-июлда ичинин катуу ооруганынан улам 18 жаштагы кызын райондук ооруканага алып барганын айткан. Бирок дарыгерлер бейтапты ооруканага жаткырбастан, дары жазып берүү менен чектелишкен. Натыйжада 28-июлда кызынын ден соолугу начарлап, аны "Тез жардам" кызматы менен алып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 25-июлда Теплоключенка айылынын 51 жаштагы тургуну 18 жаштагы кызынын ичи катуу ооругандыктан Ак-Суу районундагы борборго алып барганы аныкталган. Ошол күнү аны текшерген педиатр Т.К. оорулуу менен сүйлөшүп, анын коноктон ачуу салат жеп алганын билген. Бирок педиатр дары жазып берип, бейтапты үйүнө жөнөткөн. Эртеси оорусу басылбагандыктан кайра дарыгерге барганда анестезиолог-реаниматолог дарыгер О.М. караган. Бирок ал дагы дары жазып, үйүнө жөнөтүп ийгени такталган.

28-июлда оорусу басылбагандыктан кайра барган, бул жолу аны инфекциялык бөлүмдүн дарыгер ординатору Э.Г текшерип, бейтапты аталган бөлүмгө жаткырышкан. 29-июлда кыздын оорусу күчөп, эсин жоготкон. Буга байланыштуу ал Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. 31-июлда бейтап республикалык ооруканага жеткирилип, 5-сентябрда каза болгон. Дайындалган соттук-медициналык экспертиза өлүм тамак-аштан ууланганын аныктаган.

Дарыгерлердин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан жүргүзүлгөн.

Комплекстүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен үстүбүздөгү жылдын 7-февралында педиатр Т.К., анестезиолог-реаниматолог О.М. жана врач-ординатор Е.Г. кармалган. Райондук сотунун чечими менен аларга карата тергөө мезгилинде үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: