Баткенде 30 аял 2 миллион 610 миң сомдук грант алып, ишкерлик менен алектенүүдө






Баткен районунун чек арага жайгашкан Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял, атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, 14 аял тигүүчүлүк боюнча, 1 аял мототакси кызматын уюштуруу, 2 аял малина өстүрүү, 2 аял азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 аял кондитердик азыктарды даярдоо, 3 аял сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен алектенип жатышат.
Аялдардын ишкердиги “Баарлашуу, ишеним, укук” коомдук бирикмеси тарабынан колдоого алынып, жалпы 2 миллион 610 миң сомдук грант берилген. Аталган бирикме бул иш-аракетти Баткен облусунун чек ара аймактарында чыр-чатактан кийинки калыбына келтирүүгө жана тынчтык орнотууга аялдардын катышуусун күчөтүүгө багытталган “Аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында ишке ашырды.
Долбоор Баткен облусунун чек ара аймактарындагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, аялдардын лидерлигине үйрөтүү, бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу жана баштоо, ошондой эле жергиликтүү тынчтык демилгелерин көтөрүүгө багытталган. Долбоордун алкагында мындан сырткары 4 социалдык демилге колдоого алынды.
Алар:
- Миң-Өрүк айылындагы “Гүлжамал” балдар бакчасынын тамак аш азыктары үчүн жабдууларды сатып берүү,
- Ак-Татыр айылына аялдар үчүн тренажерлорду сатып алуу,
- Самаркандек айыл аймагында - аялдар үчүн фитнес залына жабдууларды сатып берүү,
- Кара-Бак айылында балдар аянтчасына жабдууларды сатып берүү демилгелери ишке ашты.
Ошондой эле чек арадагы окуяда жабыркаган Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймагындагы 319 балага, жалпы суммасы 1 миллион 87 миң 500 сомду түзгөн жылуу кийимдер берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.