super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Германияда кыргызстандык кадрларды кесиптик даярдоого багытталган иш-чара өткөрдү

 

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин катышуусунда 7-февралда Бавария Федералдык аймагынын Кам округунда Кыргызстандан келген квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча долбоор тууралуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор кыргыз тараптан "Инновациялык өнүгүү" коомдук бирикмеси жана германиялык тараптан Бавариянын Кам районунун Ишке орноштуруу агенттиги тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылууда. Аталган долбоордун алкагында 2022-жылдын сентябрынан бери Кыргызстандан 20 студент Кам районунда гастрономия жана мейманкана бизнеси, медицина жана карыларды кароо, металл жана электр өнөр жайы багыттары боюнча үч жылдык кесиптик билим алууда.

Иш-чарага Кам районунун башчысы Франц Леффлер, Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык ведомствосунун башкармалыгынын мүчөсү Ванесса Ахуджа, Бавариянын иш менен камсыз кылуу департаментинин региоанлдык жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын жана Камдагы түрдүү уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө ар кыл багыттагы квалификациялуу кадрларды биргелешип даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул жаатта Баварияда гана эмес, Германиянын башка Федералдык аймактары менен дагы кызматташууну улантууну сунуштады.

Франц Леффлер кыргызстандык окуучулардын билим деңгээлине жана немец тилин үйрөнүү деңгээлине канааттангандыгын билдирип, Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ванесса Ахуджа бул ийгиликтүү долбоор Кыргызстандан Германияга квалификациялуу кадрларды тартуу боюнча Кыргызстан менен кызматташууда Германиянын башка Федералдык аймактарына үлгү боло аларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: