Мандатынан кол жууган Фарходбек Алимжановду партиялаштары чепкен жаап узатышты

Фракция депутаттык мандатын тапшырган кесиптештерине дайыма тилектеш экени белгилеген.
"Фарходбек Алимжанов “Альянс” партиясы менен шайлоого аттанып, калың элдин колдоосуна ээ болгон мекенчил жигит. Ал депутат катары кыска убакытта өзүнүн иштермандыгын, принципиалдуулугун, жоопкерчиликтүү сапатын мыкты көргөзө алды, шайлоочулары менен тыгыз иштеди. “Альянс” фракциясы Фарходбек Айбековичке ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады"- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 26-январда Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын аны мандатынан ажыраткан чечимине каршы арызын карап, канааттандырган эмес.
БШК былтыр 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс" фракциясы) жогорку билими тууралуу жасалма диплом алган деген негиз менен мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Алгач райондук, кийин Бишкек шаардык соту алардын арызын канааттандырган эмес.
Жасалма диплом чырынан кийин Фарходбек Алимжановдун ордуна партиялашы Айсулуу Мамашова депутат болуп келип, 7-февралда ант берген. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
Рейтинг:
0

