super.kg logo

"100 миңге жакын адамды тейлей алат". Бишкекте асма жол кайсы жерге курулары айтылды

 

Бишкекте Манас проспектиси аркылуу Түштүк магистралдан Жибек Жолу проспектисине чейин асма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин отчётунда айтылды.

Белгиленгендей, бул курулуштун бир варианты болуп эсептелет. Долбоор боюнча асма жолдун узундугу 6 чакырымды түзүп, шаардык бюджеттин, инвестиция жана насыялардын эсебинен каржыланат.

Муниципалитеттин божомолуна ылайык, асма жол күнүнө 50 миңден 100 миңге чейин адамды тейлей алат.

Куруу иштерин ушул жылдын орто ченинде баштап, кийинки жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Эске салсак, быйыл 30-январда калаа башчысы Швейцариянын Bartholet Swiss президенти менен жолугушкан. Анда тараптар аталган долбоордун планын ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: