Эмгек министрлигинин социалдык мекемелеринде тамак-ашка канча каражат бөлүнөт? Расмий жооп

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, 2022-жылдын 1-январынан тартып президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен тамак-ашка акчалай жөлөк пул 100 пайызга жогорулап, төмөндөгүлөрдү түздү:
• майыптыгы бар улгайган адамдарга жана чоңдорго – бир адамга күнүнө 200 сом;
• психоневрологиялык оорулары бар чоңдор үчүн – бир адамга күнүнө 200 сом;
• психоневрологиялык оорулары бар балдарга – бир адамга күнүнө 220сом.
Учурда бул социалдык мекемелерде 2 352 кызмат алуучулар – улгайган жарандар, чоңдор жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.
"Социалдык стационардык мекемелерде карылыгы, оорусу жана майыптыгы боюнча өзүн өзү багууга мүмкүнчүлүгү жок, сырттан кароого муктаж жалгыз бой улгайган жарандарга, жубайларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга кызмат көрсөтүлөт.
Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде кызмат көрсөтүүлөр 4 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга көрсөтүлөт. I жана II топтогу 18 жаштан жогоруларга алардын социалдык мекемеде болушу медициналык себептер боюнча каршы көрсөтмөсү жок", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.