super.kg logo

Англияга барып иштөө үчүн 7 саатта 26 миңден ашуун жаран арыз берди

 
Улуу Британиядагы сезондук жумуштарына барып иштөө үчүн 7 сааттын ичинде 26 миңден ашуун жаран арыз берген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган министрликке караштуу жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын айыл чарбасына ишке орноштуруу программасына катышууну каалаган жарандар үчүн "Hops Labor Ltd" оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөргөн.
Анда 7 сааттык каттоодо 26 миң 170 адам арыз берип, алардын ичинен 14 миң 735 адам биринчи тандоо этабынан ийгиликтүү өткөн.
"Тандап алуунун биринчи этабы анкетаны толтуруунун тууралыгын, gmail дарегинин болушун жана "HopsLaborLtd" оператору тарабынан аныкталган башка критерийлерди текшерүүнү камтыды", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: