"Күн ачык болот". 10-февралга карата аба ырайы
Эртең, 10-февралда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыш-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15,
Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5.
Борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +14…+16 градуска жылышы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.