super.kg logo

Өлкөдө 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашты

 

Өлкөдө 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева "Гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо" Улуттук форумунда айтты.

"Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миң 104 адамды түзүп, 32 пайызга жеткен. Алардын ичинен жабыркагандардын 95 пайызы аялдар.
Жабыркагандардын санынын көбөйүшү кооптондурат, бирок ошондой эле коомдо үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталып, иликтенип жатат деген үмүт бар.

Учурда Эмгек министрлиги жарандык сектор менен биргеликте 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигине жетишүү боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгууда, ал жакын арада кабыл алынат. “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды жана кыздарды колдоо боюнча мамлекеттик Борборду ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча 18 кризистик борбор иштейт. Министрлик жыл сайын аларга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында колдоо көрсөтүп келет. Эгерде 2019-2023-жылдар аралыгында борборлорду каржылоо көлөмү 5,4 миллион сомдон 7 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн болсо, үстүбүздөгү жылы каржылоо көлөмү 7 миллион сомдон 12 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн", - деди ал.

Мындан тышкары форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ага ылайык, катышуучулар гендердик зомбулукка жооп кайтаруу боюнча Улуттук серепти, зомбулуктан жабыр тарткан майыптыгы бар аялдарга жардам берүүнүн өзгөчөлүгүн, ошондой эле гендердик зомбулуктан аман калгандарга натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоону өнүктүрүүнү талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: