Бөйрөгүн бекер алмаштырган алгачкы бейтап үйүнө чыкты

1-февралда бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтап менен донор ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле министр бөйрөгүн бекер алмаштыруу операциясынан ийгиликтүү өткөн бейтап менен донордон кабар алып, алардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышты.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, силерге биринчилерден болуп бекер операция жасалды. Мына минтип бүгүн үйүңүздөргө чыгып жатасыздар. Өзүңөргө жакшы кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүндө болуңуздар”, - деп билдирген Алымкадыр Бейшеналиев.
Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги министрге трансплантация боюнча 50гө жакын адам кайрылганын билдирди. 12-февралда дагы бир реципиент жана донор бөйрөк алмаштыруу үчүн ооруканага жаткырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.