super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды

 

Бүгүн, 9-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстанда ар түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300гө жакын компания иштээрин, ал ишканаларда миңдеген кыргызстандык эмгектенерин белгиледи. Ошондой эле ал эки өлкөнүн ортосунда дагы көптөгөн ийгиликтүү бизнес-долбоорлор ишке ашырыларына ишеним артып, түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды.

“Түркиялык подрядчылар Кыргызстанда буга чейин 70ке жакын долбоорду ишке ашырды. Түркиялык компаниялар бул долбоорлор аркылуу өлкөбүздүн өнүгүү демилгесин колдоого алышты. Албетте, биз муну менен токтоп калбайбыз. Келечекте дагы бир топ ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырабыз деп терең ишенем”, - деди Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчы Кыргызстанда акыркы үч жылда экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7%ды түзүп, ички дүң продукция былтыр 1 трлн 228 млрд сом болгонун айтып берди.

Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын менеджментин жана алдыңкы технологияларын, инвестицияларды тартууга кызыгуусун билдирди.

“Биз өлкөбүзгө болгон ишенимди арттыруу менен инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз, ачык бизнес жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулабыз. Бул Кыргызстандын маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы менен жолугушууга Түркиянын коргонуу, авиация, айыл чарба, энергетика, кызмат көрсөтүү, саламаттык сактоо, билим берүү, электрондук коммерция, кен казуу, курулуш жана кайра иштетүү тармактарындагы ири компанияларынын жетекчилери катышты.

Акылбек Жапаров расмий сапар менен Анкара шаарына соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышууга барды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: