super.kg logo

Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын имараты пайдаланууга берилди

 
Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, мекеменин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.
"Мекемеге заманбап лабораториялык эмеректер да орнотулган. Баткен өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы аймакта зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо чөптөрдү аныктоо жана алдын алуу максатында курулган. Ошондой эле экспортко чыгуучу айыл чарба продукцияларына лабороториялык изилдөө жүргүзүлөт.
Буга чейин дыйкан, ишкерлер экспортко чыгарууну пландаган айыл чарба продукцияларын Ош шаарына алып барып, лабороториядан өткөрүп келишкен. Эми ишкерлер продукцияларын жеринде лабороториялык аныктоо иштерин жүргүзүү менен экспортко сертификат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: