super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов президент быйыл өкмөткө эмне тапшырма койгонун айтып берди

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Байсалов өз сөзүндө акыркы жылдары жетишилген бир катар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү белгиледи.

"Мамлекет башчы тарабынан 2024-жылга карата биздин алдыбызга коюлган негизги милдет – жумуш орундарын түзүү. Ошондуктан быйыл, албетте мектептерди, социалдык объектилерди куруу, жол салуу, ирригацияны жакшыртуу иштери улантылат. Мунун баары биз былтыр өздөштүргөн программалар. Быйыл алар мындан да ылдам темп менен улантылат. Бирок көңүлдү жана артыкчылыкты, урматтуу кесиптештер, жумуш орундарын түзүүгө, жаңы ишканаларды ачууга, жакырчылык менен күрөшүүгө, элибиздин турмушун жакшыртууга буруу керек. Алдыдагы жылы биз чындап эле туруктуу экономикалык өсүштүн траекториясына кирип, 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга, 2050-жылга чейин 200 миллиард долларга жеткиребиз. Ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жыл аягында ушул критерий боюнча бааланат", - деди ал.

Коллегиялык жыйындын жыйынтыгында өкмөт башчынын орун басары бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде Министрлер кабинетинин бекитилген планын сапаттуу аткаруу, административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча иштер, жумуш орундарын көбөйтүү бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: