super.kg logo

Баткенде Тажикстандын кол салуусунда өрттөлгөн тоок ферма кайрадан ишке кирди (сүрөт)

 
Баткенде 2022-жылдын сентябрында чек арада орун алган каргашалуу окуя учурунда курман болгон ишкер Матиса Надыровдун өрттөлүп кеткен тоок фермасы калыбын келтирилип, кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, жумуртка багытындагы "Аксай Кенч" тоок фермасы коопсуз жайга, тагыраагы Баткен шаарынын Чет-Булак аймагына курулду. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ал жакка барып, чарбанын ишмердүүлүгү менен таанышты.
"Чарба үчүн ​​Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Учурда 15 жаңы иш оруну тʏзʏлгɵн. Жабдуулар Түркиядан алынып келген заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган системада иштейт. Фермада 40 миң тоок бар. Күнүнө 35 миң даана жумуртка алынууда. Өндүрүлгөн продукция ​​​Баткен жана Ош облустарындагы базарларда сатылууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арадагы каргашадан кийин жерине барып, өрттөлгөн ферманы көргөн соң өкмөттүн чечими менен тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 миллион сом насыясы жоюлган.
Ал эми маркум ишкердин уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга 30 миллион сом жеңилдетилген насыя берилген. Натыйжада ал ферманы бир жыл ичинде куруп бүткөрүп, ишке киргизди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: