super.kg logo

ӨКМ ЖЭБдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу ишин аяктады

 

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштер бүгүн толугу менен аягына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, 2-февралдан тарта ӨКМнын кызматкерлери ЖЭБнин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды мотомпомпа менен сордуруу, курулуш кадыктарын тазалоо жана имаратын жылуулоо, чатырын жабуу ишине көмөктөшүштү.

Ага ылайык, ЖЭБдин өрт чыккан аймагында адистер изилдөө иштерин жүргүзүп, Сыноо лабораториясы тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

Белгилей кетсек, 2-9-февралга чейин ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуга ӨКМден жалпы күнүнө 120 куткаруучу, 24 техника тартылган. Жеринде иштеген жалпы кызматкерлерге коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, тамактануусу үчүн 10 чатыр жылынуу пункту катары тигилген.

Ал эми ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаал режими азырынча алына элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: