super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар мамлекет салып жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

 

Бүгүн, 9-февралда "Элдик" депутаттык тобунун депутаттары "Мамлекеттик ипотекалык компания" (МИК) ачык акционердик коомунун мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында республиканын аймактарында турак-жай куруу боюнча ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач эл өкүлдөрү борбор калаадагы Маликов жана Скрябин көчөлөрүндөгү жер тилкелерине барып, курулуш иштерин жеринде көрүп чыгышты. Андан соң көчмө жыйын МИКтин кеңсесинде уланды.

Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү күнгө МИК тарабынан 15,8 миллиард сомго 9 346 насыя берилгенин маалымдады.

Ал учурда кезекте 18 966 жаран турганын айтты. Мындан сырткары учурдагы курулуштарга жана турак-жай каржылоо багыттарына кеңири токтолду. Муну менен катар алдыдагы пландар менен бөлүшүп, 2026-жылга чейин 23 миң батир куруу мерчемделип жатканын белгиледи.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү көптөгөн маселелерге көңүл буруп, мигранттар үчүн үлүштүк курулуш механизмин ишке киргизүү, курулуш секторуна инвестицияларды тартуу боюнча бир катар сунуштарын беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: