super.kg logo

Ошто алгачкы талаа иштери башталды

 

Бүгүн, 9-февралда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев Араван районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, иш сапардын алкагында райондогу алгачкы жазгы талаа иштеринин башталышы менен таанышып, картошка, капуста отургузуу иштерине катышып, дыйкандар менен жолугушууларды өткөрүп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Ага ылайык, Ош облусунун башчысы дыйкандардын көңүлүн быйылкы сезондо органикалык жер семирткичтерди колдонуунун маанилүүлүгүнө буруп, ар тараптуу колдоо болорун билдирди.

Дыйкандарга ар кандай маселеде жергиликтүү бийлик менен дайыма байланышып турууга, ошондой эле ирригация жана айыл чарба процессинин башка аспектилери боюнча активдүү кызматташууга чакырды.

"Араван районунда жазгы талаа жумуштарынын башталышы - өлкөбүздө сезонго жасалган алгачкы кадам. Биз дыйкандарга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып баруудабыз жана мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле алардын түшүмүн сатууга жана экспорттоого, сугат суу менен өз убагында камсыздоого болгон аракеттер көрүлөт", - деп белгиледи Эльчибек Жантаев.

Мындан тышкары, иш сапарынын алкагында райондогу ирригациялык системалардын даярдыгы, арыктарды, каналдарды тазалоо иштери менен таанышып, буга чейинки берилген тапшырмалардын аткарылышын да текшерди.

"Иш сапардын соңунда өкүлчүлүк жергиликтүү эл менен биргеликте картошка эгип, тургундардын көйгөйлөрүн угуп, жергиликтүү бийликке тиешелүү тапшырмаларды берди.

Жергиликтүү аксакалдар жазгы талаа иштеринин башталышына катышкандарга жана жалпы өлкөбүзгө жана бардык дыйкандарга быйылкы сезондун ийгиликтүү аякташына ак батасын беришти", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: