super.kg logo

Түркияда дарыланып жаткан ЖЭБдеги кырсыктан жана тик учактан кулагандардын абалы айтылды

 

Бишкек ЖЭБиндеги аварияда жана кулаган тик учактан жаракат алган төрт кыргызстандык Түркиянын Адана шаарындагы мамлекеттик илимий-изилдөө борборунда дарылануусун улантып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда бейтаптар жандандыруу бөлүмүндө, пландуу операциялар жасалууда. Алардын жанында жакындары бар.

Кыргызстандын Башкы консулдугу жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардам берип, дарыгерлер менен тынымсыз байланышта экенин кошумчалашты.

Эске салсак, 2-февралда Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан беш киши жаракат алган. Ал эми 17-январда борбор калаанын батыш жагында Ми-8 МТВ тик учагы кулап, бир учкуч каза таап, борттогу калган кызматкерлер ооруканага жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: