Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жооп катын жазды
Бүгүн, 9-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар өз ара соода тармагында кызматташууну кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
"Министр Жээнбек Кулубаев АКШнын элчисине президент Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге даректелген өлкөдөгү ички саясий кырдаал жана демократиялык абал боюнча жүйөлүү жоопторду камтыган жооп-катын тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

