super.kg logo

Октябрь райондук соту "Клооп Медианы" жоюу жөнүндө чечимин чыгарды

 

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган басылманын социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланды.

Маалымдалгандай, аталган коомдук фонд бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна арыздана турганын билдирди. "Клооптун" адвокаттары сот жараяны мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн, эксперттердин корутундусу үстүртөн жасалганын белгилешкен.

Белгилей кетсек, 2023-жылы 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылганы маалым болгон. Документте доонун себеби катары басылма "көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы" айтылган.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында “Клооп” басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган. Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып жатканын” жүйө келтирген.

Басылма коюлган дооматтарды четке кагып, муну сөз эркиндигине басым катары баалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: