Садыр Жапаров "колунан планшети түшпөйт" деген сындарга жооп берди
"Колунан планшети түшпөйт” дегендер – замандан артта калгандар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
Анда мамлекет башчысы "колунан планшети түшпөйт" деген айрым сындарга жооп берген.
"2007-2008-жылдардан бери колдоном. Ал кезде интернетке кирип туруш үчүн көбүнчө Айфон (iPhone) телефондорун колдонот элем. Кийинчерээк айпад (IPad), ноутбук колдонгонго өттүм. Көп иштерди аткарууда бул заманбап техникалар абдан ыңгайлуу. Кагаз-калемдин кереги жок. Ичинде бардык маалыматтар бар. Архивди ачып бир сыйра карасаң, тээ 5-10 жылдан берки керектүү маалыматтарың сакталуу турат. Дайыма жаныңда: каалаган убакта каалаган маалыматыңды, каалаган материалыңды таап аласың.
Мындан сырткары, “заметкага” күнүмдүк иштерди белгилеп жазып койсоң, ал эч нерсени унуттурбайт. Эртең менен ача салып, “бүгүн өкмөткө, министрликтерге жана аймактарга кайсыл тапшырмаларды бериш керек, кандай иштерди жасашыбыз керек, ички-тышкы саясатта кандай маселелерди аткарышыбыз керек” деп белгилеген эскертмелерди карап, ишиңди ирээттеп турасың. Ошого жараша баарына тапшырмаларды бересиң. Иштер тез-тез бүтөт.
Андан сырткары, “Кумтөр” сыяктуу бир топ мамлекеттик стратегиялык мекемелерди, бажы постторун, Кырдаалдык борборду ушул жерден эле онлайн режимде түздөн-түз көрүп турам. Мунун артыкчылыктары ушунда.
Биз эми 21-кылымда жашап жатабыз да. Өкмөттө иштегендердин баарына “кагазды унуткула, санарипке өткүлө” деген талапты 2 жылдан бери коюп келатам. Тилекке каршы, айрым министрликтер эмдигиче толук өтө алышпай, аксап келатышат.
Ал эми “колунан планшети түшпөйт” дегендер – замандан артта калгандар, компьютердин, заманбап техникалардын баркын билбегендер. Андайларга көңүл деле бурбайм", - деген Жапаров.






1 |