super.kg logo

Садыр Жапаров өкмөт жакында толук санарипке өтөрүн айтты

 

Кыска убакытын ичинде өкмөттү электрондук форматта иштөөгө толук өткөрөбүз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Мамлекет башчысынын маегинен үзүндү төмөндө:

— Санарип деп калдыңыз, өкмөт санарипке эмне үчүн толук өтө албай жатат? Толук өтүп алышса, бир топ үнөм болот эле да. Биздин билишибизче жалпы республика боюнча алганда жылына эле А4 форматындагы 400 миңден ашуун таңгак кагаз, 1 миллион 760 миңден ашуун калем, карандаш колдонулат экен. Аларды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 2022-жылы 441 миллион сомдон ашуун каражат сарпталыптыр. 2023-жылы болсо, 230 миллион сом акча жумшалыптыр. Санарипке толук өтүп кетсе, бул каражаттар үнөмдөлүп, бюджетте калат беле... ?

— Эң туура айтасыз.

Өзүңүз айтып аткан бюджеттик чыгымдар 2022-жылкы 441 миллион сомдон 2023-жылда 230 миллион сомго азайып, бир жылда дээрлик эки эсеге кыскарганын көрүп турбайсызбы. Бул деген сөз өкмөттүк мекемелердин жарым жартылайы санарипке өттү дегенди билдирет. Эгер толук өтсөк, былтыркы кеткен 230 миллион сом да үнөмдөлөт.

Бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдүн баары санарипке өтүшкөн, билесиздер. Смартфон же үйдөгү компьютер аркылуу эле иштерин бүтүрүшөт. Мисалы, бизде бир маалым-кат алыш үчүн азыр деле айыл өкмөткө же калкты тейлөө борборлоруна барышат.

“Түндүк” түйүнүнө катталып ал да, үйүңдө олтуруп эле каалаган маалым-катыңды ала бер. Үйүңдө олтуруп эле коммуналдык кызматтардын акысын компьютер же смартфонуң аркылуу төлөп коё бер. Буга азыр бардык шарттар бар. Болгону элибиз өздөрү бир аз аракет кылып коюшу керек. “Түндүк” түйүнүнө катталып алышса, аны колдонгонду тез эле үйрөнүп алышмак.

Эми буюрса, кыска убакытын ичинде Өкмөттү электрондук форматта иштөөгө толук өткөрөбүз. Кызматкерлер кагаз көтөрүп министрликтер менен Администрациянын ортосунда чуркап жүрө беришпей, электрондук вариантка өтүшү керек. Ошондо сиз айткандай кагаз-калемге кеткен чыгым да, аны менен кошо убактылары да үнөмдөлөт.

Ошондой эле өлкө башчы "колунан планшети түшпөйт" деген айрым сындарга жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: