super.kg logo
  Саясат  

Төрөбаев Арка массивиндеги насостук станцияны оңдоп түзөө иштерин жарым жылда бүткөрүүнү тапшырды

 
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Лейлек районунун “Арка” массивин сугат суу менен камсыздаган Кайракум суу сактагычындагы насостук станциянын ишинен кабар алды.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, насостук станция 1982-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. 42 жылдан бери райондун Арка өрөөнүн сугат суу менен камсыздап келүүдө.
Ирригациялык обьекттин суу астындагы бөлүгү 2013-жылы оңдоодон өткөрүлгөн. Ал эми суу бетиндеги калкып турган биринчи каскадын 2024-жылга капиталдык оңдоп түзөө пландалган. Ал үчүн республикалык бюджетен 17 миллион сом каралган. Анын 200 миң сому насостук станциянын суу астындагы бөлүгүн, ультра үндүү текшерүү жүргүзүүгө жумшалат.
Бакыт Төрөбаев каскаддын абалын көрүп чыгып, тийиштүү адистер тарабынан 2024-жылдын 1-кварталына изилдөөлөрдү жүргүзүү менен, экинчи кварталга оңдоп түзөө иштерин аяктоону тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: