Лейлекте кубаттуулугу 5,9 МВт ГЭС курулууда (сүрөт)





Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү,өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Лейлек" ГЭСинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясына "Кыргыз-Каганат" ЖЧК тарабынан курулуп жаткан "Лейлек" ГЭСинин кубаттуулугу 5,9 МВт.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жеңилдетилген насыя катары 5,6 миллион доллар бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат.
Чакан ГЭСтин биринчи агрегаты 2024- жылдын июнь айында ишке берилүүсү күтүлүүдө. Курулуш иштеринин жүрүшүндө дарыядан ГЭСке чейинки 1,8 чакырым аралыкка суу түтүктөрү тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.