super.kg logo

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Окуянын чоо-жайы

 

Карактоого шектелип дээрлик үч жарым жылдан бери издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-октябрында таңга маал бир нече белгисиз адам Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылынын тургунунун үйүнө тоноо үчүн киришкен. Кол салгандар үйдүн ээсинин денесине залал келтирип, коркутуп акча талап кылышкан. Бирок чоң суммадагы акча таба албай, баалуу көрүнгөн буюмдарды алып, из жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

"Аталган кылмыштуу топтун эки мүчөсү 2021-жылы кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тергөө иш-чараларынын материалдары сот органдарына өткөрүлүп берилген. Кол салгандардын бири качып кетүүгө үлгүрүп, ага издөө жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 1979-жылы туулган О.С. аттуу жарандын жашынып жүргөн жерин аныкталып, Жалал-Абад облусунан кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолуп, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары турат.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: