super.kg logo
  Саясат  

Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

 

Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-түрк бизнес форуму өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 9-10-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясынын Түркияга иш сапарынын алкагында өттү.

Форумдун жүрүшүндө экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, салыктык артыкчылыктарды жана ишкерлерди мамлекеттик колдоону баса белгиледи.

Форумдун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү эки тараптуу сегиз маанилүү документке, анын ичинде кызматташуу келишимдери жана бизнес келишимдерине кол коюлду.

"Өзгөчө көңүл Кыргызстандан Түркияга жаңгак жеткирүү боюнча келишимге бурулуп, кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы рыноктордун ачылышын камсыздайт. Эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да тереңдеп, түрдүү тармактарда кызматташуунун жаңы перспективаларын ачууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: