Бишкекте коомдук транспорттун айдоочулары менен жыйын өттү




"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт" муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочулар арасында жыйын өткөрдү.
Бишкек шаардык мэриясынан билдиргендей, жыйынга шаардык патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Болот Мурсалиев, патрулдук милиция башкы башкармалыгынын подполковниги Медер Шайкыдинов, патрулдук милиция башкы башкармалыгынын улук лейтенанты Кадырбек Батырбеков, аты аталган муниципалдык ишкананын директору Талант Капаров, ишкананын кызматкерлери жана айдоочулар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.
Ошондой эле өкүлдөр жол кыймылынын эрежелери боюнча сынак тапшырып жаткан айдоочулар, сынак тапшыруучу бөлмө менен таанышып чыкты.
"Ишкана толук айдоочулук курамды жол кыймылынын эрежелери боюнча сынактан өткөрүүдө. Бул айдоочулардын жөндөмдүүлүгүн баалоо жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Сынактын негизинде айдоочуларга үч жолу мүмкүнчүлүк берилип, өтпөй калган айдоочулар комиссиянын кароосунан кийин жумуштан алынат", - деп айтылат маалыматта.

