super.kg logo

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат

 

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен бирге Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барган. Алар борбордун аймагындагы 1995-жылдан бери курулушу бүтпөй турган 11 миң 268 чарчы метр аянттан турган 3 кабаттуу имаратты көрүшкөн.

Бейшеналиев имарат салынып калса Гемодиализ борборунан тышкары эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөрдү жайгаштырууга да мүмкүн болорун белгилеген. Жолугушуунун жыйынтыгында фонддун жетекчиси курулуш иштерин жана борборду заманбап жабдуулар менен камсыздоону каржылай турганын айткан.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: