Индонезияда оюн учурунда футболчуга чагылган тийип каза болду
Индонезиянын "Персикас Субанга" клубунун 30 жаштагы футболчусу оюн учурунда чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Бандунг шаарындагы "Силиванги" стадионунда өткөн үчүнчү лиганын жолдоштук беттешинин 15-мүнөтүндө футболчуга чагылган тийген. Буга чейин стадионго чагылган түшкөндө ага көңүл бурулбай, беттеш уланган.
Футболчу тез арада ооруканага жеткирилген. Бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.