super.kg logo

Долондо электромобиль жүктөп келе жатып кулаган трал: Айдоочу кыргызстандыктарга кайрылды (видео)

 

Долон ашуусунда электромобиль жүктөп келе жатып кырсыкка кабылган Бактыбек Дүйшөналиев SUPER.KG порталы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Айтымында ал Кытайдан болжол менен баасы 30-35 миң доллар болгон 6 унаа жүктөп келе жаткан. Долон ашуусунун баш жагына келгенде тайгактан унаасы тартпай калып артка кетип, оодарылып кулаган.

"Буга чейин Кытайга каттап эле жүрчүмүн, 1989-жылдан бери жүк ташуучу унаа айдайм, тажрыйбам бар. Ошол күнү Кытайдан 6 унаа жүктөп келе жаткам. Ашуунун башына келгенде тайгак жерден унаам тартпай калып, артка кетти. Ручникти тартсам дагы болгон жок. Ушул жыгылган трал менен биринчи каттамга баргам. Мурдагы унаалар менен каттап эле жүргөм.

Жүктөп келе жаткан унаалардын баасын деле толук билбейт экенмин, болжол менен 30-35 миң доллар деп жатышат. Азыр ал унаалардын ээлери деле унчуга элек. Ал жак чечиле элек. Тралдын ээси деле азырынча унчуга элек.

Эми Кыргыз элимен кичине болсо дагы жардам сурайм. Жүктөп келе жаткан унааларды ордуна коюш керек болуп жатат. Азыр өзүбүз эле бир аз бөлүшкөндө жардам берип жатышат. Аларга, жардам берейин деп жаткандарга дагы Аллах Таалам ыраазы болсун. 50, 100 сомдон болсо дагы жардам беришиңерди суранам", - деди Бактыбек Дүйшөналиев.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: Оптима Visa: 4169585358490992 Нургуль Т;

Элкарт: 9417379003968431 Бакытбеков Б;

Сбербанк: 2202203653322117;

0703388109 Нургул Т;

О Деньги: 0501226022 Жанат Бакытбеков.

Белгилей кетсек, 9-февраль күнү Долон ашуусунда электромобиль жүктөп келе жаткан трал кулаган.






Долондо кырсыкка кабылган айдоочу коомчулукка кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: