super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын президенти быйыл Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган быйылкы жылы Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келери пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Орунбеков азырынча Түркиянын лидери кайсы айда келерин ачыктаган жок.

Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 9-10-февраль күндөрү Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отуруму ийгиликтүү өткөндүгүн эске салды.

“Буга чейин ушундай эле отурум 2021-жылы Бишкек шаарында өткөн. Мына ушул 2-3 жылдын ичинде кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгы кандай нукта өнүгүп жатат жана кызматташтыктын кандай жаңы багыттары бар, дагы кандай өз ара аракеттенүүнүн преспективдүү багыттарын таба алабыз деген максатта комиссия Анкара шаарында өттү. Бул комиссияга МинКаб башчысы Акылбек Жапаров жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз төрагалык кылышты.

Отурумдун өткөрүлүшүнүн эң маанилүү себеби, быйылкы жылы Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз Республикасына пландалып жаткан мамлекеттик иш сапарынын мазмунун сапаттуу даярдоо болгон. Комиссия отурумунда эки тараптын төрагалары Акылбек Жапаров жана Жевдет Йылмаз өкмөт аралык комиссияны жыл сайын өткөрүп турууну макулдашышып, кийинки жылкы комиссиянын отуруму Бишкек шаарында өтмөй болду”, - деди ал.

Орунбеков Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Садыр Жапаров жана Режеп Тайип Эрдоган эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешмесине төрагалык кыларын кошумчалады.

“Өкмөттөр аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык комиссия - эки өкмөттөр арасындагы алакаларды чыңдоо үчүн эфективдүү механизм болуп саналат жана өзгөчө эки өлкөнүн өкмөт жетекчилери жетектегени өтө маанилүү. Анткени түздөн-түз баарлашып кыргыз-түрк алакаларына көз чаптырып, көйгөйлүү маселелерди оперативдүу чечүүгө өбөлгө түзөт. Расмий иш сапардын жыйынтыгында бир катар бизнес контракттарга кол коюлуп ошондой эле жакынкы келечекке жол картасын, иш планын кабыл алышты”, - деп жазды ал.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга акыркы ирет 2018-жылы келип кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: