super.kg logo

"Кээде мени ата деп алышат...". Балдарга музыкадан сабак берген Тилек Чакенов менен маек

 

Кыргызда "өнөрлүү өлбөйт" деген сөз бар. Бул жолку каарманыбыз өнөр сересинде, тагыраак айтканда музыка тармагында ыр жазып, обон чыгарып, балдарга ошол өнөрүн бөлүшүп келе жаткан Тилек Чакенов болмокчу. Ал азыркы тапта балдарга музыкадан билим берет. Анда кеп башынан болсун...

- Саламатсызбы! Биринчи өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз.

- Саламатсызбы! Ысык-Көлдүн кулуну болом. 29 жаштамын. Азыркы учурда мектепке чейинки билим берүүчү мекемесинде балдарга музыка сабагынан билим берип келем. Айылда төрөлүп, суусун ичип, абасын жутуп улуу адамдардын батасын алып чоңойгом. Кең-суу айылындагы Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы мектепти аяктагам.

- Эмне үчүн музыка тармагын тандап алдыңыз?

- Бул кесип менин хоббим эмес, кесибим десем болот. Музыкага жөн эле келип калган жокмун. Бала кездеги көксөөм болчу. Көөдөндө кайнап турган өнөрдү өркүндөтүш үчүн борборубуздагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетине тапшырып, мугалимдик адисти мыкты деңгээлде аяктадым. Андыктан бул менин кесибим.

- Бала кезиңизден бери эле чыгармачылыкка, музыкага жакынсызбы?

- Ооба, кичинекей кезимде тар чөйрөдө элдин маанайын көтөрүп ырдап калчумун. Обон созуп, ыр жазып кызыгуум айылдагы бала кезден эле башталган.

- Балдарга сабак берем деп калдыңыз, балдардын музыкага болгон шыгын кантип байкаса болот?

- 2018-жылы университетти аяктаган соң бөбөктөргө музыкадан сабак бере баштадым. Ошондон бери билгенимди үйрөтүп, шыгы бар балдарды өнөргө жакындатып, балдардын музыкага кызыгуусун арттыруудамын. Балдардын тилин таап кетүү кыйын деле болгон жок.

- Өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз жөнүндө дагы айтып кетсеңиз, ырларыңыз барбы?

- Буга чейин автордук онго жакын ырымды жаздым. Кээ бирлери эл ичинде ырдалып жүрөт. Азыр өзүмдүн чыгармачылыгымдын үстүндө иштеп жатам. Негизи менин балдарга арналган ырларым көп, аларга клип дагы тарттырып бергенбиз. Ошол ырларымдын аркасынан министр тарабынан сыйлык дагы алгам. Нооруз майрамы, Жаңы жыл, апалар жөнүндө ырларым мектептерде, бала бакчаларда көп жерлерде аткарылып жүрөт. Музыкалык аспаптардан аккардеон, фортепиано, гитарада ойной алам.

- Үй-бүлөңүздө чыгармачылыкка жакын адамдар барбы, ата-энеңизчи?

- Үй-бүлөдө чоң атам өнөргө өтө жакын адам болгон. Туугандар арасында тойлордо бирибиз аккардеон ойносок, экинчибиз ырдап, үчүнчүбүз куйкум сөздөрдү айтып, мыкты маанайда отурабыз, андыктан биздин үй-бүлө өнөрдү түшүнгөн адамдар десем болот.

- Балдарга сабак берип жатканда кызыктуу учурлар көп эле болсо керек...

- Биздин балдар кичинекей болгондуктан мектепке чейинки кызыктуу окуялар көп эле болот. Балдар мени "ата" деп алышат, анан "оу" деп койсом уялып калышат. Балдардын кылыктары көп да...

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ийгиликтериңиз арбын болсун!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: