super.kg logo

"Жанына адам керек экен". Орусияда 88 жаштагы аял турмушка чыгары айтылды

 

Орусиядагы Башкортостан Республикасында 88 жаштагы Зугра Тагирова аттуу пенсионер карылар үйүнөн сүйүүсүн тапты. Ал жакынкы арада 83 жаштагы Халаф Хабиряловго турмушка чыгаарын Башкортостан Республикалык социалдык тейлөө борборуна таянып чет элдик басылмалар жазды.

Зугра Тагирова оор турмушту башынан өткөргөнүн айткан. Ал согуш мезгилиндеги ач калган балалыкты, күйөөсүнүн кайгылуу өлүмүн жана балдарынан ажырап, оор мезгилди башынан өткөргөн. 2023-жылы анын үйү Украинадагы согуштук аракеттерден улам талкаланып, ал карылар үйүнө барууга аргасыз болгон.

Ал жерден Зугра Тагирова 83төгү Халаф Хабирялов менен таанышкан. Экөөнүн бири-бирине болгон сезими күчөп, жакында гана Халаф Хабирялов Зуграга үйлөнүү сунушун киргизген.

"Биз пансионаттын ашканасынан алгачкы жолу таанышканбыз, ал мени бөлмөмө чейин узатып келген. Жалгыз адамга кыйын, сүйлөшүп, басып, чогуу бир нерсе кылганга адам керек экен", - деген Зугра Тагирова.

Зугра менен Халаф март айында расмий баш кошушат. Карылар үйү жубайлар үчүн өзүнчө бөлмө бөлүп берүүнү убада кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: