Бишкекте унааларын тротуарларга токтоткон айдоочуларга айып пул салынды





Социалдык тармактарда айрым айдоочулар жол эрежесин бузуп, тротуарга чыгып кеткендерге айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясы борбор калаанын милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте айдоочуларды издөө иштерин ыкчам жүргүздү. Жол эрежесин бузгандарга протоколдор түзүлдү.
Мындан тышкары видеодо жазылган дагы бир унааны издөө иштери жүрүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирет. Бул багыттагы иштер улантылат.
"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Эгерде сиз ушундай жагдайга күбө болгон болсоңуз, анда Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна: 1840; 1850; 0554 182 185 (WhatsApp) кайрылсаңыздар болот", - деп билдиришти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.