Садыр Жапаров Дубайга жетти. Президентти кандай тосуп алышты? (сүрөт)





Бүгүн, 12-февралда мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө башчынын борту “Аль-Мактум” эл аралык аэропортуна конду.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровду БАЭнин билим берүү министри Ахмад Белхул Аль-Фаласи тосуп алды.
Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров БАЭнин жетекчилиги жана эмираттык компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

