super.kg logo
  Саясат  

Президент Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору менен жолугушту (фото)

 

Бүгүн, 12-февралда президент Садыр Жапаров Дубай шаарында өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ырааттуулугун канааттануу менен белгилеп, эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Биргелешкен холдинг компаниясы каржылаган долбоорлорду тез арада ишке киргизүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Мухаммад Саиф Аль Сувэйди фонддун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, белгиленген пландарга жетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо ниетин билдирди жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташуунун потенциалы жетишилген макулдашуулардан алда канча жогорулаганын кошумчалады.

Аягында Садыр Жапаров өткөрүлгөн жолугушууга канааттангандыгын билдирип, өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: