super.kg logo

Жаш талант Насыйкаттын таенеси: “Кызыбыздын ырдаганын угуп өзүбүздүн дагы жүрөгүбүз эзилет” (видео)

 

SUPER.KG медиа порталынын бул жолку каарманы жандуу аткарууда үнү менен өзгөчөлөнгөн 10 жаштагы Насыйкат жана анын таенеси болду. Жаш талант учурда уккандарды жагымдуу үнү менен таң калтырууда.

"Үй-бүлөм, курбуларым менен яхтада концерт бергим келет" деген Насыйкат таенеси жана таятасы менен турат. Ал 8 жашынан тарта өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева жетектеген музыкалык мектепте билим алып, ырдап келет.

"Мен ырдаганды абдан жакшы көрөм. Беш жашымдан тартып ырдап баштадым. Мен таенемдин кызымын", - дейт ал.

Насыйкат алгачкы жолу чоң сахнага 8 жашында Ташкентке конкурска барганда ырдап чыккан. "Неберебиздин ушундай талантын көрүп туруп колдобой койсок күнөөлүү болмокпуз" деген таенеси Насыйкат ал жактан биринчи орунду багындырганын айтты.

"Насыйкаттын үйдө ырдаганын көрүп өзүбүздүн да жүрөгүбүз эзилет. Неберебиздин талантын көрүп туруп колдобой койсок биз өзүбүздү күнөлүү сезип калмакпыз. Насыйкат абдан талантуу ырды бир-эки укканда эле дал өзүндөй кылып ырдап чыгат. Кичинекейиней эле талантын байкап, музыкадан билим алышы үчүн кайсы жака берсек деп изденип жүрүп, жарыядан Гүлнара Тойгонбаеванын музыкалык мектеби бар экенин көрүп калдык. Анан ошол ал жака алып барып, билим алып баштады. Биз үйдө анча-мынча ырдап калабыз. Ал эми таятасы экөөбүз жаңы үйлөнгөн кезде эл алдына ырдап чыгып калганбыз. Бирок турмуштук шартка байланыштуу алып кете албадык. Биз музыканы сүйгөндөрдүн катарындабыз. Кызыбыз көптөгөн сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келебиз", -дейт таенеси.

Ырдагандан тышкары сүрөт тартканга кызыккан жаш талант тууралуу толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: