super.kg logo

Нарын шаарында бир топ өзгөрүүлөр болот. Долбоор иштелип чыкты

 
Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында "Нарын-реновация" аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, долбоор облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен иштелип чыккан. Быйылкы жылы башталары күтүлүп жаткан долбоор10 бөлүктөн турат:
  • Нарын шаарынын Сейил-Булак аймагына унаа көпүрө; (Көпүрө курулса Нарын шаарынын, Нарын районунун калктуу конуштарынын аянты 311 гектарга кеңейет)
  • Москва чөлкөмүнүн кире беришине жаңы автобекет;
  • Эски автобекеттин имаратына балдардын заманбап эс алуу борборун уюштуруу;
  • Городок аймагына 6 блоктон турган 9 кабаттуу "Теңир Тоо сити" турак-жай комплекси;
  • РТС аймагына ипотекалык турак-жай;
  • Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, панорамалык аттракцион коюлат;
  • Нарын дарыясына айнек асма көпүрө салуу; (Бул туристтер үчүн ыңгайлуу жер болуу менен бирге жана шаардын бюджетин толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт)
  • Инновациялык креативдүү демилгелер борборун куруу; (Китепкана, музей, кинодирекция, телеберүү мекемелерин заманбап курулган имаратка жайгаштырылып, ыңгайлуу шарт түзүп берилет жана Өмүрзакова атындагы парк реконструкцияланат)
  • Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү турак жайлардын фасаддарын бирдей типке келтирүү;
  • Жарандык коргоонун облустук штабын уюштуруу.
"Учурда каражат булактарын табуу аракети жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: