super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "3 күн жоголгон 3-класстын окуучулары Бишкектен Токмокко сөйкө салуу үчүн барыптыр" 

 

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолку чыгарылышыбызда өзүнүн кызмат учурунда болгон окуясын Биринчи Май РИИБинин балдар менен иштөө инспекциясынын башчысы, милициянын майору Максат Жапаров баяндап берди.

Максат Жапаров Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында 1977-жылы 1-январда жарык дүйнөгө келген. Учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспециясынын башчысы болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. "Азыркы кызматымда 3 жылдан бери иштеп келе жатам" деген Жапаров ата-энеси, бир туугандары жөнүндө дагы кеп кылды.

Менин атам дагы 30 жыл укук коргоо органында эмгектенген. Апам болсо медицина тармагында иштеди. Азыркы учурда ата-энем пенсия жашында. Биз 5 бир тууганбыз. Балдар ата кесибин аркаладык. Иним чек арада иштеп, полковникке чейин жеткен. Бирок турмуштун жазганы экен жол кырсыгына кабылып, көзү өтүп кетти. Кийинки иним Чүй ОИИББинде милиция кызматкери. Карындашым болсо апамдын жолун жолдоп Москвада дарыгер болуп иштеп жүрөт. Эң улуусу эжебиз мугалим. Өзүм 24 жылдан бери милиция кызматкери болуп, укук когоо органынын көп тармагында эмгектендим.

Максат Жапаров кызмат учурунда болгон кызыктуу окуяны төмөндөгүдөй баяндап берди.

Сүйлөшкөн кызына сөйкө салуу үчүн барыптыр.

Менимче, 2023-жылдын жаз мезгилинде болуш керек эле. Бизге жашы жете элек 3 бала жоголгону тууралуу маалымат түштү. 3-4-класстын балдары экен. Бишкектин 4 районунан тең издеп таппай жатсак, Токмокто жүрөт деген маалымат түшүп калды. Анан түнкү саат 12лер чамасында Токмокту көздөй жөнөдүк. Ал жакка жетип эле издөө иштерин баштадык. Үйлөрдү, көп кабаттуу батирлердин жер төлөөлөрүнөн бери кыдырып, таппай койдук. Бизде анын сүйлөшкөн кызы кайсы мектепте окуганы тууралуу маалымат дагы бар болчу. Ошентип ал мектепке да бардык. Айланасын карап жүрсөк, үчөө от жагып отурушкан экен. Биз аларды 3 күн издегенбиз.

Көрсө өкуя мындай болуптур.

Бизге кайрылган ата-эненин баласынын сүйлөшкөн кызы Токмоктон экен. Ал ага сөйкө салыш үчүн барыптыр. Эми алган сөйкөсүн айтпай эле коёюн (күлүп). Ошентип дос балдары менен Токмокко барып, от жагып отурушканда биз таап алып жатпайбызбы. Колдорунда болсо гүл. Ошентип бирөөнү биз менен чогуу келген ата-энесине өткөрүп берип, кайра Бишкекке карай жол тарттык. Анан 2 баланы ата-энесине алып барсак, санааркабастан "аа табылдыбы" деп коюшту. Чынында азыркы ата-энелердин көбү балдарына кайдыгер мамиле кылышат.

"Ата кесибин аркалап келе жатам" деген каарманыбыз өз кесиби боюнча жетишкендиктерин дагы айтып берди. "Бишкек мэриясынын, шаардык кеңешинин ардак громаталарын алдык. Мындан тышкары ИИМдин громаталары жана медалдары менен дагы сыйландым". - дейт милициянын майору.

"Жумуштан тышкары ашканада дагы мыктымын" деген каарманыбыз Ат-Башыдан болгондуктан эт менен мыкты тамактарды даярдайм дейт. Ошондой эле буга чейин ар дайым чуркоо менен алек болгондугун, учурда убакыт болбой жатканынан көптөн бери чуркай электигин айтып берди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: