Эмгек министрлиги: Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү



Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган санариптик экосистеманы түздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, негизги жетишкендиктердин бири болуп Эмгек рыногунун маалыматтык системасын – жумуш издеп жаткан жарандар, бош орундар, иш берүүчүлөр жана учурдагы кесиптик окуу курстары жөнүндө маалыматтарды камтыган республикалык маалымат базасын ишке киргизүү болду.
Ага ылайык, система бош орундарга тез жетүүнү жана эмгек рыногундагы иштин ачыктыгын камсыз кылат жана маалымат порталына интеграцияланган. " Zanyatost.kg " https://zanyatost.kg/ порталы жарандарга жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз берүүгө, бош орундар жана башка көптөгөн онлайн-кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.
"Ошондой эле Министрлик тарабынан "Электрондук эмгек биржасы" мобилдик тиркемеси, ошондой эле "zanyatost.kg" порталынын мобилдик версиясы түзүлүп, жумушка орноштуруу боюнча кызматтарды онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.