Ысык-Көлдө тургундан 6 миң доллар опузалаган 2 адам кармалды






Чолпон-Ата шаарынын улгайган тургундарынан 6 миң долларын опузалап талап кылган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-февралда В.А.И. жана Х.Р.Р. 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Кармалгандар кары адамдарды каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө болгон жеке менчик укугунан ажыратабыз деп коркутушуп, көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын талап кылышкан", - деп айтылат маалыматта.
13.02.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.