super.kg logo

Балдарга арналган 3 китеп кыргызчаланды

 

Балдарга арналган “Менин акырам уча алат”, “Космоско барган поезд”, “Айваны жедик музейи” аттуу китептер кыргызчаланды. Бул бүгүн, 13-февралда "Китепстан" басма үйүнөн билдиришти.

"Китепстан" басма үйүнөн билдиришкендей, бул китептер балдардын кыялдануусуна, өзүнө ишенүүсүнө, өжөрлүк менен тартынбастыкка басым жасайт. Каармандардын бири-биринен өткөн кызыктуу окуясы фантазияны өнүктүрөт.

Ага ылайык, “Менин акырам уча алат” китебинде кичинекей Мони кантип каалаган акыраны тарта алгандыгы сүрөттөлөт. Ал эми “Космоско барган поезд” чыгармасында каармандар аңгеме түзүүнүн ыкмаларын жана жок жерден окуя таап чыгуунун сырларын бөлүшүшөт. “Айваны жедик музейи” чыныгы турмуштан алынып жазылган укмуш окуя.

"Китептердин автору – түркиялык балдар жазуучусу Мерт Арык. “Китепстан” басма үйү кыргызчалады. Котормочу: Насыпбек Асанбаев, редактор: Жаңыл Каримова, корректор: Жетиген Асанбек, верстка: Таттыбүбү Ырысбай",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: