super.kg logo

Бишкек ЖЭБдеги авария: Диверсия, теракт болгон деген божомолдор жокко чыгарылды

 

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын көчмө жыйыны жеринде болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалым болгондой, комиссия мүчөлөрү ЖЭБдин аймагын, анын ичинде жабыркаган имараттарды кыдырып чыгышкан.

Ага ылайык, кырсык болгондон бери 8 миң чарчы метр чатыр калыбына келтирилип, 2000 тонна курулуш жана тиричилик таштандылары чыгарылган. Аянтты 600 чарчы метр болгон курулуштарды бекемдөө иштери аяктаган.

"Учурда ЖЭБдеги болгон кырсыктын бир нече себептери каралууда. Ага ылайык, диверсия жана терактка байланыштуу божомолдор жокко чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле учурда келтирилген чыгымды аныктоо иштери жүрүп, мэрия жана "Бишкекжылуулук" ААКсы өчүрүлгөн мезгил үчүн жылуулук жана ысык суу үчүн төлөмдү кайра эсептөөнүн үстүндө иштеп жатканы кабарланды

Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болгон. Анда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖЭБде диверсия болгон деген да божомолдор бар экенин айткан. Президен Садыр Жапаров дагы ЖЭБдеги авария боюнча өзүнүн божомолун айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: