super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров БАЭнин вице-президенти Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту

 

Бүгүн, 13-февралда президент Садыр Жапаров Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, анда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланды.

Ага ылайык, Мухаммад бин Рашид Аль Мактум президенттин Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышуусун кубаттап, анын БАЭге сапары жана жетишилген макулдашуулар өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

"Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы соода-экономикалык алакалардын активдүү жанданышын канааттануу менен белгилеп, 2013-жылдан бери Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммити дүйнө өлкөлөрү үчүн практикалык кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтчага айланганын айтты", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы Мухаммад бин Рашид Аль Мактумду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: