Араванда мектептин кошумча имаратынын ачылышы болду





Араван районундагы Нур-Абад айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылындагы №6 Зухрахан Розахунова атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ош облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Араван райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Сейтек Кулубаев, Ош облустук өнүктүрүү фондунун жетекчиси Жанузак Сарытаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана айыл аксакалдары катышышты.
Ага ылайык, Талантбек Арстанкулов облус жетекчиси Эльчибек Жантаевдин куттуктоо сөзүн айтып, билим берүүнүн келечекке тийгизген маанисине токтолуп, учурда билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.
"Имараттын жалпы сметалык баасы 21 миллион сом болду. Анын ичинен Ош облустук өнүктүрүү фонду 7 миллион, Нур-Абад айыл өкмөтү 3 миллион, демөөрчүлөр 11 миллион сом каржыланып, “Нефридстрой” ЖЧК курулуш компаниясы тарабынан куруп бүткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.