super.kg logo
  Саясат  

Президент Дубай ислам банкынын төрагасы менен жолугушту

 

Бүгүн, 13-февралда президент Садыр Жапаров Дубай шаарына болгон иш сапарынын алкагында Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өлкө башчысы Кыргызстан өз ишин шариат ченемдерине ылайык так жүргүзгөн толук кандуу финансылык институтту ачууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров бул максаттар үчүн республикада укуктук база бар экенин жана мындай финансылык кызматтарга кызыгуу чоң экенин баса белгилеп өттү.

Президент ошондой эле Кыргызстандагы ислам банкинги өзүнүн өнүгүүсүнүн алгачкы баскычында экенин кошумчалады. Ошондуктан 1975-жылы ачылган Дубай ислам банкынын тажрыйбасы исламдык каржылоо кызматтарын жакшыртууга маанилүү салым болмок.

Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани Садыр Жапаров белгилеген долбоорлордун маанилүүлүгүн канааттануу менен айтып, өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын изилдөө үчүн банктын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту Кыргызстанга жиберүү ниетин билдирди.

Баарлашууда ал туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду да ишке ашырууга кызыкдар экендигин ачыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: