9 жумушчу изделүүдө. Түркияда алтын кенде жер көчүп, шахтёрлор уранды алдында калды (видео)





Түркиянын чыгышындагы Эрзинжан провинциясындагы алтын кенинде жер көчкү жүрдү. 9 жумушчу урандылардын астында калганын провинциянын губернатору Хамза Айдогду NTV телеканалына билдирди.
Анын айтымында, Илич районунда ири көлөмдө жер көчүп, шахтаны уратып кеткен.
Өлкөнүн ички иштер министринин айтымында, 9 жумушчу дайынсыз болууда. Издөө-куткаруу иштерине жалпысынан 400дөй жаран тартылган.
Маалыматка караганда жалпысынан кенде 667 адам иштейт. Кен 2010-жылы ишке киргизилген.
Эске салсак, 2023-жылдын октябрь айында Анкарада көмүр шахтасы урап, 15 шахтёр жаракат алганы маалымдалган.
Түркияда алтын кенде жер көчүп, шахтерлор уранды алдында калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.